Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

АКШ Ирандагы диний куугунтуктоолорго тынчызданат


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Кроулинин кечээги маалыматына караганда, акыркы бир нече апта ичинде эле Иран бийликтери “Бахаи” кыймылынын бери дегенде 25 жолдоочусун камакка алган. Жалпысынан бул кыймылдын алтымыштай жолдоочусу диний ишениминен улам гана камакта кала берүүдө. АКШ Мамлекеттик департаменти бахаичилердин тыңчылык кылды деп айыпталган бир нече лидеринин адвокаттары менен жолугушуусуна мүмкүндүк берилбегенине олуттуу тынчыздануу билдирди. АКШ Мамлекеттик департаментинин дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы боюнча ушул бейшембиде жарыяланган жылдык докладында Иранда бул жааттагы кырдаал начарлап жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG