Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:54

Кызыл – Агашта суу ташкындан каза тапкандар саны 35ке жетти


Бул тууралуу Астанадагы жыйында президент Нурсултан Назарбаев билдиргени тууралуу Казакстандын расмий “Казинформ” агенттиги кабарлады. Кар эриген жана нөшөрлөп жааган жамгырдын шартында Алматы облусунун Аксуу районунун аймагындагы “Кызыл – Агаш” суу сактагычынын дамбасы бейшемби күнү кечинде бузулуп кеткен эле. Натыйжада 3000дей адам жашаган аты уйкаш кыштакта жүздөгөн турак үйлөрдү суу басып калган. Алматы облус губернаторунун басма сөз катчысы Ильяс Бияхметовдун айтымында, суу ташкындын айынан Кызыл –Агаштын 70%ы талкаланган. Али дайынсыз жоголгондор бар экенин эске алганда, курмандыктардын саны өсүүсү мүмкүн. Кырсык болгон аймакка бүгүн казак прьемери Карим Масимов барды. Ал эми президент Назарбаев Астанадагы жыйында адам өлүмүнө алып келген кырсык үчүн суу сактагычтын ээсине каршы кылмыш ишин козгоону тапшырды.

XS
SM
MD
LG