Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Израиль эл аралык айыптоого кабылды


Айыптоо Израилдин палестиндер болочок мамлекетинин борбору катары көргөн чыгыш Иерусалимде жаңы үйлөрдү куруу планынан улам айтылып жатат. Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча ортомчулардын төртилик тобу - АКШ, Улуттар уюму, Орусия, Евробиримдиктин соңку билдирүүсүнө караганда, бир тараптуу кадамдар кайсыл жактан жасалбасын, “тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын чече албайт”. Топ азыркы кырдаалды келерки аптада, Москвадагы жыйынында талкуулаган жатат. Бул аралыкта АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон премьер- министр Биньямин Нетаньяху менен телефон сүйлөшүүсүндө жөөт өкмөтү АКШ – Израиль алакалары үчүн “жаман белги” берип жаткандыгын айткан. Ал эми АКШдагы израилчил уюм – Антидиффамациялык лига Мамлекеттик катчынын Израилди жемелөөсүнө “таң калганын” билдирип чыкты. Израиль Чыгыш Иерусалимде жаңы 1600 үй курарын шейшемби күнү жарыялган. Ушул эле күнү аймакта эки тараптын ортомчулар аркылуу кыйыр сүйлөшүүсүн жандандыруу үмүтүндө АКШ вице- президенти Жо Байден жүргөн болчу. Израилдин жарыясынан соң палестин тарап АКШ ортомчулук кылып жаткан кыйыр сүйлөшүүлөрдөн чыгарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG