Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

“220 кыймылы” Бишкекте концерт өткөрүүдө


Ушул тапта 150 чакты киши киши Бишкектин Алматы көчөсүндөгү Социал-демократтар партиясынын кеңсеси жайгашкан имараттын алдына чогулуп, “220 кыймылы” уюштуруп аткан концертке күбө болушууда. Иш-чарага байкоо салып турган “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, окуя болуп аткан жерге бир канча милиция кызматкерлери да келишти. Иш-чарага депутат Ирина Карамушкина, коомдук ишмер Мирослав Ниязов, укук коргоочулар Асия Сасыкбаева, Токтайым Үмөталиевалар катышууда.

“220 кыймылы” электр энергиясынын жана жылуулуктун кымбатташына, ошондой эле “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектро” сыяктуу мамлекеттик ири ишканалардын сатылышына каршы түзүлгөн болчу. Буга чейин алар “Сары тасма” акциясын өткөрүп, каршылык иретинде унааларга жана адамдардын билектерине сары тасмаларды байлоого чакырышкан. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов болсо жакында эле Улуттук биринчи каналдан сүйлөп, энергетика жаатындагы саясат туура баратканын, электрге болгон баалар арзандабай турганын айткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG