Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Ирактын үчүнчү ири провинциясында премьер - министрдин блогу алдыга чыкты


Учурда Иракта өткөн жекшембидеги парламенттик шайлоонун добуштарын саноо уланып жатат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-марттагы билдирүүсүнө караганда, түштүктөгү Басра провинциясында баштапкы же добуштардын 63% саналгандан кийинки маалымат шийиттердин өкүлү болгон премьер- министр Нури ал –Маликинин блогу алдында экенин көргөздү. Ал эми шийиттердин Иран менен байланышы бар диний тобу баштаган коалиция бул жерде экинчи орунда, мурдагы премьер- министр Ияд Аллавинин партиясы үчүн орунда бара жатат. Басра - Ирактын үчүнчү ири провинциясы. 7- мартта өткөн, тарыхый деп мүнөздөлгөн шайлоонун толук жыйынтыгы алдыдагы бир нече апта ичи чыгары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG