Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Милиция укук коргоочулардын унааларын тинтүүгө киришти


Жаштардын укугун коргоо тармагынын координатору Гүлшайыр Абдырасулова “Азаттыкка” билдиргендей кечээ аты-жөнүн атабаган МАИ кызматкерлери ал бара жаткан автоунааны токтотуп, машинанын эч жерин койбой тинтип чыгышкан. Мындан тышкары айдоочунун бардык документтерин көчүрүп калышкан. Милиция кызматкерлери өздөрүнүн аракетин “жогортон берилген тапшырма” деп түшүндүрүштү дейт ал.Г. Абдырасулова 14-мартта “Форум-медиа” комплексинин алдында өткөн “220” кыймылынын нааразылык акциясында алып баруучулык кылган.
Бишкек шаардык ИИБнын маалымат кызматы бул маалыматтарды четке кагууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG