Орусияда кечээ регионалдык шайлоо өткөн. Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы шайлоодо “таң калаарлык деңгээлде мыйзам бузуулар” болгонун билдирип, бул үчүн оппозициялык партияларды айыптады. Бирок, соңку кабарларга караганда, бул партия көпчүлүк аймактарда жеңишке жетишкен өңдүү. Шайлоо өлкөнүн 76 регионунда болгон. Анын алгачкы жыйынтыктары бүгүн чыгарылаары күтүлүүдө.