Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Сопу-Коргондо Гүлчөнү карай жөө жүрүшкө чыкчулар чогулууда


Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду коргоо комитетинин айылдагы штабынын жанында жүзгө чукул адам чогулуп, райондун борбору Гүлчөгө атчан, жөө жүрүшкө чыкканы жатышат. Бул тууралуу Сопу-Коргондон кабарчыбыз билдирди. Маалыматка караганда, айылдын четинде Ош шаарынан 3 автобус менен келишкен өзгөчө багыттагы отряддын кызматкерлери турушат. Алай районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Равшан Сыргаев Оштогу кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери келишкенин, алар Ош облустук район аралык сотунун атчан жана жөө жүрүшкө тыйуу салган чечиминин аткарылышына көзөмөл кылышарын, мыйзамды бузгандарга чара колдонорун айткан. Учурда райондун прокурору Таалай Абдыбаитов чогулгандарга мыйзамды бузушса катуу чара көрүлөрүн эскертти. Ревкомдун жана И.Исаковду коргоо комитетинин жетекчиси Айтбай Жээналиев алайлыктар атчан жана жөө жүрүш акциясынан кайтпай тургандыктарын, жөө жүрүшкө жолдон Кызыл-Коргон, Күңелек, Аскалы айылдарынын тургундары дагы кошулушарын билдирди. Сопу-Коргондон Гүлчөгө чейин 42 чакырым. (AJ)

XS
SM
MD
LG