Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Бишкек тургуну В.Самохвалов өкмөттү сотко берди


Пенсионер В.Самохвалов кыргыз өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы “2010-2012-жылга электр жана жылуулук кубатына Кыргыз Республикасынын орточо тарифтик саясаты жөнүндө” №699-токтомуна каршы Бишкек шаардык район аралык сотуна 12-мартта арыз жолдоду. В.Самохваловдун айтымында, 8 жылдан бери өкмөт аны тоноп, Конституциялык укугун тебелеп келет. Ал ошондой эле күнүмдүк тамак-ашы 1948-жылы СССРдин жаза өтөө лагерлеринде камалган адамдардын күнүмдүк тамак-ашынан аз экенин белгилеп мисал келтирген. СССРдин ИИМнин 1948-жылдын 6-майдагы буйругунда камактагы бир адам үчүн бир айда 21 кг. нан, 0,3кг. ун, 3,3кг. таруу, күрүч, 0,6 кг.эт, 1,8 кг. балык, 19,5 кг. картошка жана жашылча, 0,51 кг. кант, 0,6 кг. туз, 0,06лг. чай, 0,3 кг. томат, 0,003кг. калемпир, 0,003 лавр жалбырагын берүү каралган экен. В.Самохвалов белгилегендей жубайы экөөнүн пенсиясын кошкондо 6630 сом болоорун, анын 3828 сому жылуулукка жана ысык сууга, 264 сому муздак суу менен канализацияга, 68 сом газга, коммуналдык кызматка 1342 сом төлөп, дары-дармек алганда тамак-ашына дагы жетпей, коммуналдык кызматка 3028 сом карыз болуп калат экен.
Ал буга чейин 19-февралда Бишкек шаарынын район аралык сотуна өкмөттүн токтомун жокко чыгарууну өтүнүп арыз жолдогон. Сот өкмөттүн токтомуна даттануу мөөнөтү 2010-жылдын 12-февралына чейин экенин билдирип, анын арызын кайра кайтарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG