Жөө жүрүшкө чыккан эл милиция кызматкерлеринин көпүрөнү тосконуна карабай, тоонун боорундагы кыя жол менен жүрүшүн улантып баратат. Бул тууралуу окуя болгон жерден кабарчыбыз билдирди. Анын айтымында, Күңелек, Бүлөлү, Кызыл-Коргон, Аскалы айылдарынан атчан жана жөө жүрүшкө чыгууга даяр турушкан 200дөн ашуун адамды милиция кызматкерлери коркутуп таратканга аракет кылышкан. Натыйжада бир нече адам жүрүштөн баш тартып, айылдарына кайтып кетишкен. (AJ)