Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Д.Үсөнов: “Азаттык” үналгысынын чыкпай жатканынан кабарым жок


Бул тууралуу премьер-министр Данияр Үсөнов маалымат жыйынында билдирди. Ал ошондой эле “Азаттыктын” жетекчилиги бул маселе боюнча кат менен кайрылса караштырарын, башка интернет сайттарынын жабылганынан дагы кабары жок экенин айтты.

10-мартта “Азаттыктын” теледолбоорлорун көрсөтүүдөн “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы баш тартып, 11-мартта Бишкекте ОК радиосу шаардыктарга “Азаттыкты” уктурууну токтоткон. 12-мартта мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан кысым болуп жатканын белгилеген “Алмаз-Нарын” үналгысы “Азаттыктын” программаларын обосунан кетирбөөгө аргасыз болгон. Ушундай эле себептер менен Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” радиолору “Азаттыкты” уктуруу боюнча түзгөн келишимдерин бир жактуу бузууга аргасыз болушкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG