Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

СДП фракциясы бийликтен “Азаттыктын” уктурулушун талап кылды


Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын депутаттары “Азаттык” үн алгысынын ободон чыгарылбай жатканына, “Фергана.ru”, “Центразия.ru”, “Азаттык.kg”, “Белый парус”, “Живой журнал” интернет басылмалардын ачылбай жатканына тынчсыздануусун билдиришти. Анда Бишкек шаарынын, Чүй, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын тургундары так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы белгиленген. Авторитардык режим ак үйгө карабаган маалымат каражаттарынын “оозун” басып, түзмө-түз президенттин катчылыгы телефон аркылуу журналисттерди коркутуп, маалыматтарды “тазалап” жатканы айтылат.
2005-жылы март окуясынын алдында дагы “Азаттык” үн алгысын акаевдин авторитардык бийлиги тыйуу салганын эскертип, азыркы бийликке ал сабак болбогону айтылат.
Билдирүүдө коом демократиялык өнүгүү жолунан кайрылбастыгы, жарандар үчүн сөз эркиндиги, малымат алуу мүмкүнчүлүгү Конституциялык ыйык укугу экендиги айтылып, буга жетише тургандыктарын белгилешкен.
СДП фракциясынын депутаттары “Азаттык” үн алгысын ободон чыгарууну, жогорудагы интернет-басылмаларды ачууну, сөз эркиндигин жана басылмаларды “муунтканды” токтотууну бийликтен талап кылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG