Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Х. МакКиннон: Кыргызстан алтындын эсебинен өнүгө алат


Бул тууралуу “Кентер Голд” компаниясынын башчысы Хью МакКиннон билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстан үчүн экономикасын алтын запастарынын эсебинен тыңдап алууга жакшы шарт түзүлдү. Анткени дүйнөлүк базарда алтындын баасы кымбаттап жатат. Кыргыз өкмөтү алтын казып алуу боюнча ондогон мамлекеттик лицензияларды бергени менен, азыр Күмтөрдө “Центарра Голд”, ал эми Макмалда “Кыргызалтын” гана иштеп жатат, Андан жылына жыйырма тонна алтын казып алса болот. Андан 180 миллион долларга жакын киреше алат. Алтындын баасы көтөрүлгөн чакта мамлекет майда кендерди ишке киргизсе болот, дейт Х. МакКиннон. MGN Group компаниясынын маалыматына караганда, “Кентор Голд” азыр Жалал-Абаддагы Узунакмат жана Оштогу Савоярды жерлерде геологиялык иликтөө иштерди жүргүзүп жатат. Аталган компания “Андаш Майнинг Компанинин” негизги акционери, инвестору болуп саналат. (EBM)

XS
SM
MD
LG