Баткен райондук сотунун судьясы Исмайыл Каримжанов төрагалык кылып карап жаткан Баткен облусунун мурдакы губернатору Маратбек Жумабековго жана облустук суу чарбасынын жетекчиси Мырза Асатов менен анын орун басары Самат Акматовго, башкы бухгалтери Худайбердиевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканына үч күн болду. Бүгүн түштөн кийин сот чечими чыгышы мүмкүн. Аталган иш боюнча жалпысынан 47 күбөнүн дээрлик баары көрсөтмө беришти. Күбөлөрдүн бири Кызыл-Кыя шаарынын мурдакы мэри Абдирасул Анарбаев прокуратурада тергөө учурунда президенттин туулган күнүнө деп мурдакы губернатор 1000 АКШ долларынан жыйнап алган деген көрсөтмөсүнөн кайтып, аны М.Жумабековдон карыз болгонум үчүн бергенмин деп көрсөтмө берди. Ал эми облустук суу чарба башкармасынын башчысы М.Асатовдун Баткен аэропортунан М.Жумабековго 350 миң сом бергени жөнүндө көрсөтмөсүн мурдакы губерантор жалаа деп айтууда. (JsA)