Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

ЖК комитети мыйзамга каттоосуз нике кыйбоо боюнча жобо киргизүүнү жактырды


Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети бүгүн мамлекеттик каттоосу менен гана нике кыйуу боюнча бир катар мыйзамдарды өзгөртүүнү жактырды. Бул маселе боюнча депутат Айгүл Байбураева маалымат берип, мындай өзгөртүү аялдардын жана балдардын укугун коргоо үчүн жасалып жатканын белгиледи. Анын айтымында, каттоосуз нике кыйып үй-бүлө куруп ажырашкандардын ишин сот карай албайт. Жубайлардын мүлктүк укугу да, милдеттемеси да жок болуп, көпчүлүк учурда аялдардын укугу бузулууда. Кыргызстандагы кризисттик уюмдар мындай борборлорго соңку учурда көп аялдуулук, расмий катталбаган никенин айынан жабыркап кайрылгандардын саны көбөйүп баратканын билдирип келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG