Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

ТИМ мурдагы министри А.Жекшенкуловдун соту эртең улантылат


Маалыматтарга караганда Аликбек Жекшенкулов сотто акыркы сөзүн айтып, сот өкүмүн чыгарышы мүмкүн.
Өткөн жылдын август айынан бери созулуп келе жаткан сот ишинде А. Жекшенкуловго коюлган бир катар айыптар далилденбегени үчүн сот өндүрүшүнөн алынып салынды. Ал эми 3-марттагы сотто мамлекеттик айыптоочулар А. Жекшенкуловду “дипсервистин 69 эшигин туура эмес алмаштырып, мамлекетке зыян келтирген жана өзүнө таандык куралды бөлөк бирөөгө пайдаланууга берген” деп айыптап, аны 4 жылга эркинен шарттуу түрдө ажыратууну соттон сурашты.
Аликбек Жекшенкулов болсо өзүнө тагылган айыптарды саясий мүнөздө экенин белгилеп, бир дагы ишти мойнуна албай турганын билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG