Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

“Азаттыкты” коргоо кыймылы Бишкекте ЕККУнун жанында акция өткөрүүдө


ЕККУнун Бишкектеги борборунун жанында акциянын эки жүзгө чукул катышуучулары “Азаттыкка – азаттык”, “Руки прочь от правды”, “Азаттык обого чыксын”, “Баардыгынын оозун баса албайсың”,-деген жазуулары бар палакаттарды кармап турушат. Акцияга Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Отунбаева, Ирина Карамушкина, “Ак шумкар” партиясынын лидери Т.Сариев,“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө.Текебаев жана башка саясатчылар, “азаттыктын” күйөрмандары, журналисттер катышууда. БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев 2005-жылы мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин "Азаттыкка маалымат айдыңында уттурдук",-дегенин эске салып, азыркы бийлик дагы мурдагы бийликтин каталарын кайталап, сөз эркиндигине кысым жасап жатканын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG