Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

“Форум” гезитинин баш редактору Ы. Момбеков гезити менен кармалды


Ырыскелди Момбековдун айтымында, бүгүн жети миң нускада “Форум” гезити чыккандан кийин басмаканадан үч машина менен алып келатканда милиция кызматкерлери беш журналистти өзү менен кошо кармап кетти. Алар азыр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында турат. Милиция гезиттердин баарын түшүрүп алды. Бул жерге Социал-демократтар фракциясынын айрым депутаттары, саясатчылар жана укук коргоочулар келишти. Бирок аларды ичине киргизбей жатышат. Ички иштер министрлиги бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG