Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Обама Мексика консулдугунда иштеген адамдардын өлтүрүлүшүн айыптады


Президент Барак Обама Мексиканын Сьюдад Хуарес шаарында АКШ консулдугу менен байланышы бар 3 адамдын өлтүрүлүшүн айыптады. Ишемби күнкү кол салуудан консулдукта иштеген америкалык аял күйөөсү менен, ошондой эле консулдук кызматкеринин күйөөсү мерт болушкан. Ал Мексиканын жараны болчу. Айрым кабарларга ылайык, аларды наркобизнес менен алектенген кылмышкерлер атып кетишти. Мексика өкмөтү америкалык тергөөчүлөр менен кызматташып, кыянатчыларды табууга убада кылды. 2006-жылдан бери маң заттары менен мыйзамсыз соода кылган кылмышкерлердин колунан 18 миңдей киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG