Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

«АУБ-Агро» ишканасы 4,2 млн. сом насыя акча берүүгө жетишти


Өнүктүрүү фонду тараткан маалыматка ылайык айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн берилип жаткан насыя акча 51 жаранга берилди. Булар Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунун фермерлери. Өлкөнүн түндүк аймагында да жазгы тала иштери жакындап жатканына байланыштуу бул жактагы эл менен иштөө башталды. «АУБ-Агро» Ысык-Көл облусунун айыл чарба кызматкерлери менен жолугушууну кийинки жумага болжолдоп жатат деп айтылат маалыматта.

Өнүктүрүү фонду «Азияуниверсалбанкка» насыяны 6% үстөк менен берген. Ал эми аталган банк дыйкандарга насыя акчаны 23% үстөк менен берүүдө. Бул айыл чарба кызматкерлеринин нааразылыгын туудурган учурлар бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG