Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Бишкек мэриясы Элдик курултайдын уюштуруучуларын сотко берди


Биринчи Май райондук сотуна жолдогон арызында мэрия Элдик курултайдын уюштуруучуларына Шабдан баатыр – Чүй – Тоголок Молдо көчөлөрү аркылуу жөө жүрүш жасоосуна тыюу салуусун өтүнгөн. Арызда Социал-демократтар фракциясынын лидери, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаеванын 4-мартта мэрияга жолдогон маалымдамасында жөө жүрүш тууралуу сөз болбогону белгиленген. Мэриянын арызын Биринчи Май райондук соту бүгүн саат 14:00 карайт. Бул тууралуу Элдик курултайды уюштуруу комитетинен «Азаттыкка» билдиришти.

Өткөн жумада Бишкек шаардык мэриясы Элдик курултайды өткөрүү үчүн үч жерди сунуштаган. Алардын ичинен уюштуруу комитети Спартак стадионун тандап, бирок мурда чакырылгандай «Форум-медиа» комплексинин алдына чогулган элдин борбордук стадионго жөө жүрүш менен барышына мүмкүнчүлүк берүүсүн мэриядан сураган эле. Шаар жетекчилиги кечээ жөө жүрүшкө каршылыгын билдирип, элди автобустар менен акысыз ташууга даяр экенин кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG