Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

“Азияуниверсалбанктын” эсебин текшерүү талабы чыгууда


Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Т. Үмөталиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Жогорку Кеңеш күч органдары менен чогуу аталган банктын эсебиндеги Кыргызстанга тиешелүү акчаны түгөлдөөгө тийиш. Буга байланыштуу кайрылууну жарандык коом бүгүн парламентке, өкмөткө, Башкы прокуратурага жолдойт. Т. Үмөталиева “Азияуниверсалбанк” акыркы жылдары Кыргызстандын Улуттук банкынын ордун ээлеп, сырттан келген насыя акчалар, элге жана мамлекетке тиешелүү бардык каражаттар анда сакталып келгенин белгилеп, жакында эле Италия өкмөтү тарабынан издөөгө алынган Е. Гуревич бул акчаларды уурдап кетпегенин элге ачык көрсөтүп берүүсүн талап кылууда.

Е. Гуревич мурда жетектеген MGN GROUP Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү фондунун, Социалдык фонддун активдерин башкаруу укугуна ээ болгон. Гуревич Улуттук электр станциялар жана "Манас" аба майданынын директорлор кеңешине кирген. Булардын колунда ошондой эле Кумтөр алтынынан бери тейлеген “Кыргызалтын” да бар. Ал аталган кызматтардын баарынан баш тартканын 10-мартта тараткан билдирүүсүндө белгилеген.

Мурдараак Орусиянын маалымат каражаттары «Азияуниверсалбанкты» арам акчаларды адалдаган шектүү банктардын катарында турарын жазып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG