Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Грузин президенти “Имеди” телеканалынын аракетин айыптады


Дүйшөмбүдө президент Михаил Саакашвили "Имеди" телеканалынын Орусия Грузияны басып алганын көрсөткөн жалган сюжет грузин коомчулугу үчүн “зыяндуу” экенин айтты. Жекшембиде Саакашвили ал берүүнү колдоп, “бул жөн гана ушундай болушу мүмкүн экенин көрсөтөт” деген эле. “Имеди” телеканалы жалган программа даярдап, анда орус армиясы Грузияга чабуул койгонун, президент Саакашвили өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Берүүнү дүйнөлүк коомчулук кескин айыптады. Орусия болсо аны “саясий паранойя” деп атаган.

XS
SM
MD
LG