Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Майрам күндөрү коомдук тартипти 7,5 миң милиция күзөтөт


Бул тууралуу бүгүн ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов билдирди. 21-март Нооруз майрамы, 24-март Ыңкылаптын күнүндө жана анын алдында шаарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартип иштерин, аларга эл менен сылык-сыпаа иштөө боюнча көрсөтмө берилгенин айтты. Ж. Азизов 17-март оппозициянын курултайы алдында жер-жерлерде орун алган уруп сабоолор, гезиттерди күчтөп тартып алынышы, курултайга чакырып маалымат таратып жүргөндөрдүн кармалышы боюнча маалымат кийинчерек берилерин айтып жооп берүүдөн баш тартты. (EBM)

XS
SM
MD
LG