Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

“Манас” эпосун Кыргызстандын атынан каттоо үчүн ЮНЕСКОго арыз берилет


Бул жөнүндө бүгүн Бишкектеги Дипломатиялык академияда өткөн "Манас" көчмөн дүйнөсүнүн руханий ата мурасы” деп аталган илимий симпозиумда айтылды. Коомдук ишмер Каныбек Иманалиев “Манас” дастанын ЮНЕСКОнун оозеки маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан каттоого берүү үчүн тийиштүү документтер демилгечти топ тарабынан даярдалып бүткөндүгүн билдирди. Эмки милдет Кыргыз өкмөтү ошол документтердин негизинде ЮНЕСКОго кайрылышы керек. Симпозиумдун катышуучулары тарабынан “Манас” дастанын сактоо жана өнүктүрүү маселесин 17-мартта оппозиция өткөрүп жаткан Элдик курултайда, 23-мартта Президент өткөрүп жаткан Ынтымак курултайында кароо жөнүндө сунуштар да айтылды.

2009-жылы “Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун оозеки маданий мурастарынын тизмесине Кытай өкмөтүнүн арызы боюнча катталгандыгы Кыргызстандын маданий коомчулугун тынчсыздандырып, “бул каталыкты тезинен оңдоо” боюнча соңку төрт-беш айдан бери талаш-тартыштар жүрүп келатат. (KC)

XS
SM
MD
LG