Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Оппозиция Элдик курултайды “Медиа-Форумда” өткөрүүнү чечти


Бүгүн курултайды уюштуруу комитети жыйынга чогулуп эртеңки Элдик курултайды Социал-демократтар партиясынын кеңсеси жайгашкан “Медиа-Форумда” өткөрүүнү чечти. Буга бүгүн Биринчи май райондук сотунун шаардык мэриянын жөө жүрүшкө тыйуу салуу тууралуу арызын канааттандырышы себеп болду. Уюштуруучулардын айтымында, курултайга кеминде жети миндей адам келет. Алардын баарын автобус менен ташууга көп убакыт кетет. Шаар бийлиги курултайды Спорт ордосунда же Спартак стадионунда өткөрүүнү сунуштаган. Келген элди автобус менен ташууга көмөктөшүүгө даяр экенин айткан. Оппозиция курултайды Спартакта өткөрүүгө макул болуп, “Форумдун” алдына чогулган элди жөө Спартакка чейин алып барууну пландап жаткан. Ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов бүгүн шаарда жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берилбесин айтып, мындай акцияны уюштургандар мыйзам чегинде жазаланат, деп эскертти. (EBM)

XS
SM
MD
LG