Ынтымак курултайына катыша турган укук коргоочулар Азиза Абдырасулова менен Динара Ошуракуновага сөз берилет. Бул тууралуу Президенттин алдындагы катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков «Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында билдирди. Анын айтымында, бийлик уюштуруп жаткан курултайда отун-сууга тарифтердин көтөрүлүшү, аймактык бүтүндүк, мамлекеттин өнүгүшү жана башка бир катар маселелер талкууланышы күтүлүүдө. “Ынтымак курултайында адам укуктарына, диний экстремисттик коопсуздукка дагы маани берилет”,- дейт Карыпбеков.
Ал эми “Улуу Биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев болсо Ынтымак курултайында эмне маселе каралары так айтылбай, алигиче күн тартиби бекитилбегенин белгиледи. Анын пикиринде Президенттик курултай баштала электе эле элдин ишениминен кетти. (AJ)