Биринчи май райондук соту мурунку тышкы иштер министрин үч жылга чейин жооптуу мамлекеттик кызматка койбоо тууралуу чечим чыгарды. Соттук процессте экс-министрдин тапанчасынан түрк ишткери атып өлтүрүлгөн деген күнөө толугу менен акталды. Кызматта турганда министрликтин каалгаларын алмаштыруу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган деп тапты. А. Жекшенкулов өзү сотто бүгүн акыркы сөз сүйлөп күнөөсүн мойнуна алган жок. Ага байланышкан кылмыш иштери саясий негизде козголгонун, коюлган айыптарда далил жок экенин билдирди. А. Жекшенкуловдун адвокаты бул чечимди жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотко арзы жолдогону жатат. (EBM)