Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Аксыда 8 жыл мурдагы кайгылуу окуяны эскерүү митинги болот


Аксы окуясында бийликтин аткан огунан курман болгондорду эскерүү аларга тургузулган эстеликтин алдына уюштурулат. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Кубанычбек Маматкеримовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча райондук бийлик эскерүү өткөрүүгө уруксат берген жок, бирок ага карабай Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн курман болгон 6 жигитти эскерүүгө жалпы Аксы эли чогулмакчы.

2002-жылы 17-мартта Аксыда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылыгын билдирип, райондун борборуна карай жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Натыйжада төрт киши курман болгон. 18-март күнү райондун борбору Кербенде милициянын аткан огунан дагы бир жигит, токмогунан бир киши каза тапкан. Бул окуяга байланыштуу айыпталып, сот жообуна тартылган бардык мамлекеттик кызматкерлер кайрадан акталышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG