Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Элдик курултай “Медиа-Форум” комплексинде болот


Иш-чара саат 10:00 башталат. Уюштуруу комитетинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, Курултайга Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган бардык жарандар, саясий партиялдардын мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Мындан тышкары ага президент К.Бакиев, өкмөт башчы Д.Үсөнов, ЖК спикери З.Курманов, Конституциялык жана Жогорку соттун төрайымдары, Башкы прокурор, “Ак жол” жана Коммунисттер фракцияларынын башчылары, Бишкек мэри, эл аралык жана дипломаттык уюмдардын жетекчилери чакырылган. Элдик курултайдын алкагында парламенттин социал-демократиялык фракция көчмө жыйын өткөрөт.

Бүгүн боло турган Элдик курултайда БЭК отун-сууга жана байланыш кызмат акыларынын зордук менен кымбаттатылышы, мамлекеттик стратегиялык маанидеги ишканалардын арзыбаган баага сатылышы, К.Бакиевдин Башмыйзамды күчтөп өзгөртүп жатышы, бийликтин саясаты менен макул болбогон жарандардын куугунтукка алынышы жана башка саясий-экономикалык-социалдык маселелер жалпы элдин талкуусуна коюларын кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG