Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:16

Нарында 300дөй киши көчөгө чыкты


“Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы Жаркын Ибраеванын маалымдоосуна караганда, облустук акимиаттын алдына 300дүн тегерегинде эл чогулуп, митинг өткөрүүгө аракеттенүүдө. Губернатор А.Акматалиев баш болгон бийлик өкүлдөрү чогулган элди облустук театрга барып жыйын өткөрүүнү сунуштап жатат.
10-марттагы Нарындагы митингинин уюштуруучулары Бишкектеги Элдик курултайга катышуу үчүн жөнөп кетишерин айтып, 17-мартта Нарында митинг болбосун 16-мартта эскертишкен. Бирок ага карабай эл чогулууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG