Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Боспиекте эскерүү митингиси өттү



“Азаттыктын” Жалал-Абаддагы кабарчысы Ырысбай Абдраимовдун маалымдоосуна караганда, 2002-жылдын 17-мартындагы окуяда окко учкандарды эскерүү митингиси 17-мартта Боспиекте болду. Ага жүздөй киши катышты. Алардын ичинде райондук бийликтин өкүлдөрү да болду. Боспиек митингисинин катышуучулары андан кийин район борбору Кербенде акция өткөрүүгө аракет жасады. Бирок ал ишке ашпай калды. Анткени милиция кызматкерлери район борборуна келген жолдорду тосуп салды. Кабарчынын маалымдоосуна караганда, Кербенге митинг өткөрүү үчүн жыйырмадай адам келди. (AiT)

XS
SM
MD
LG