Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

М.Кунакунов: Тарифтерди көтөрүү - өкмөттүн элге каршы кадамы


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынан депутат Максат Кунакунов бүгүн премьер-министр Данияр Үсөнөвдун 2009-жыл үчүн отчетун угуу учурунда билдирди. Депутат тарифтердин өсүшүнө байланыштуу элге 200 сом компенсация берүү мыйзам бузуулар менен коштолуп жаткандыгын белгиледи. “Өкмөт элди жакырлыкка айдап жатат. Коомчулукта социалдык кырдаал өсүп баратат. Өкмөт алгач айлыкты, анан тарифти көтөрүш керек эле”, - деди М.Кунакунов. Ал өкмөттүн кошуна өлкөнүн баалары менен салыштарганын сынга алып, Орусияда орточо айлык акы 700 доллар, Казакстанда - 500, ал эми мамлекет аралык статкомитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда 150 доллар экенин да белгиледи. Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Николай Байло да ушундай эле пикирин билдирип, тарифтерди мындай кескин көтөрүү туура эмес деген оюн айтты.

Өкмөттүн жаңы жылдан тарта электр кубатына тарифтерди бир жарым, жылуулукка беш эсе көтөрүү чечими өлкө калкынын каршылыгына кабылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG