Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:57

Иракта мурдагы премьер- министрдин коалициясы алдыга чыкты

7 – мартта өткөн парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыктарына караганда, мурдагы премьер- министр Ияд Аллавинин коалициясы азыркы өкмөт башчы Нури ал- Маликинин блогунан өлкө боюнча 9 миңдей добуш менен алдыга чыкты. Бирок добуштардын али 20%дайы санала электигин эске алганда, 325 орундуу парламенттен акырында кайсы топ көп орун алары азырынча анык белгисиз. Кабарларга караганда, азыркы премьер- министр ал- Маликинин блогу Ирактын он сегиз провинциясынын жетөөсүндө, ал эми мурдагы өкмөт башчы Аллавинки бешөөсүндө алдыда бара жатат.
XS
SM
MD
LG