Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Баткенде прокуратура мурдакы губернаторго соттон 9,5 жыл сурады


Баткен райондук сотунда облустун мурдакы губернатору Маратбек Жумабековго, облустук суу чарбасынын жетекчиси Мырза Асатов жана эки кызматкерине каршы кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүрүп, жарыш сөз аяктады. Анда облустук прокуратура өкүлү мурдакы губернаторду тогуз жарым жылга эркинен ажыртуу менен үй мүлкүн конфискациялоону сурады. Сот 25-мартка чейин тыныгуу жасап, ошол күнү чечим чыгараарын билдирди.

Жыл соңунда мурдакы губернаторго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, ишти сотко откоруп берген эле. М. Жумабековго жаш аялы үчүн Кадамжай районунун мурдакы акиминин үйүн акысыз пайдаланган, президенттин туулган күнүнө деп Кызыл-Кыя шаарынын мурдакы мэри Абдирасул Анарбаевден бир миң АКШ доллары суммасында пара алган, облустук суу чарба башчысы Мурзали Асатовдон 350 миң сом мыйзамсыз алган, кызматтык үйүн оңдоп түзөөгө каражатты туура эмес пайдаланган деген айыптар коюлууда.


XS
SM
MD
LG