Бул тууралуу партия лидери Темир Сариев “Азаттыкка” таңкы түз ободо курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда пикет, митингге тыюу салган бийлик мыйзам боюнча жолугушууга тыюу салууга укугу жок. Ошондуктан, 23-март күнү партия мүчөлөрү Ынтымак курултайынын катышуучулары менен Улуттук филармониянын алдында жолугушуп, өздөрүнүн курултайдын күн тартибинде киргизилүүсүн талап кылган маселелер жазылган кайрылуусун беришет. Анда курултайдын күн тартибинде беш маселе каралышын: Жаңы жылдан кийин сатылган “Түндүк электро” менен “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканаларынын менчикке сатылышы мыйзамсыз деп табылып, мамлекетке кайтарылуусун; электр энергиянын негизсиз көтөрүлгөн тарифи жана коммуналдык төлөмдөр калыбына келтирилүүсүн, электр энергиясын уурдап, сууну мыйзамсыз сатып жаткандар жоопко тартылуусун; президент өз алдында мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик мекемелерге дайындалган туугандарын кетирип, мыйзамсыз мекемелер: Борбордук агентчилик, мамлекеттик министрлик ж.б. жойсун; президент өзүнүн Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштыруучу Башмыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алуусун; мыйзамсыз соттолгон И. Исаков менен Балыкчы окуясында соттолгондорду бошотуу, Петровка чатагы боюнча оппозициялык ишмерлердин сот процессин токтотууну талап кылынмакчы.(ZKo)