Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга абак курулууда


Бул тууралуу жазаны аткаруу мекемесинин башчысынын орун басары Таалайбек Нуралиев бүгүн парламентте билдирди. Анын айтымында, курулуш Чүй облусундагы Жаңы-Жер жергесинде жүрүп жатат. Курулушту аяктоо үчүн 280 млн. сом талап кылынат. 2007-жылдан бери ага 32 млн. сом, быйыл 28 млн. сом бөлүндү. Эгерде тийиштүү каражат толук бөлүнсө курулуш келерки жылы аяктайт. Кыргызстанда өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандардын саны 208 киши. (AiT)

XS
SM
MD
LG