Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:32

"Эрке балдар" борбору түзүлдү


16-мартта Бишкекте тамадалар жыйын курушту. Жыйынга кырктай тамада катышып, тойлорду өткөрүүнү кыргыздын улуттук салт-санаасына шайкеш кылып, формасын бир калыпка салуу, той өткөрүү маданиятын көтөрүү маселеси козголду. Анын жыйынтыгында "Эрке балдар" (тамада) борбору түзүлдү. Борбордун максаты - тамадалар көрсөткөн кызматтын сапатын жакшыртуу. Бул тууралуу аталган борбордун жооптуу катчысы, тамада Бакай Шүкүров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда өлкө боюнча элге аты таанылган 200дөй тамада иштейт, ал эми аталган борбордо жүзгө чукул тамада катталды. (AiJu)
XS
SM
MD
LG