Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Мигранттардын массалык кайтып келиши болгон жок


Мигранттар маселеси боюнча иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынын аткаруучу директору Майрамбек Жапановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жыл сайын жазында чет жакка иш издеп кеткендердин саны демейдегиден өсөт. Анын ырасташынча, жазга маал алардын саны 600-700 миңден ашат. Ассоциациянын иликтөөсү боюнча 2002-жылдан 2005-жылга чейин мигранттардын агымы өтө чоң болгон. Бул жылдар аралыгында бир гана Россияга 191 миң адам чыгып кеткен. 2005-жылдан тарта кыргызстандык жарандардын сыртка кетиши азайган эмес. Ал эми кайра кайтып келгендер он пайызды түзөт жана алардын жарымынан көбү кайра кетүүнү каалагандар. М. Жапановдун ырасташынча, көптөр күткөндөй каржы каатчылыгынан улам мигранттардын массалык түрдө мекенине кайтып келиши болгон жок. (AiJu)

XS
SM
MD
LG