Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Нарында митинг уюштурган активистти телефондон коркутушту


17-мартта Нарын шаарында митинг болгон күнү «Электр жана жылуулук тарифтерин төмөндөтүү» кыймылынын мүчөсү Асыл Жамановага чөнтөк телефон аркылуу белгисиз адам: “Сиз митингге чыкпаңыз. Сизди өлтүрүп кетүү болот»,- деп коркутуп туруп, телефонун өчүрүп салган. Коркутуп сүйлөгөн адам саат 16:40 чамасында 0772 81 26 77 номурунан чалган. Аталган ишмер кокрутуп-үркүтүү фактысы боюнча бүгүн укук коргоо органдарына кайрылып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, алгачкы иликтөөлөр жогорудагы телефон номуру Марлен аттуу кишиники экендигин көрсөткөн. “Ак Шумкар” партиясынын Нарын району боюнча координатору Жолдубай Сүйүнбаев дагы ушул номурга чалып текшерип көрүптүр. (KUs)

XS
SM
MD
LG