Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Е. Гуревичтин жактоочусу билдирүү таратты


Евгений Гуревичтин жактоочусу Марк Агнифало тараткан билдирүүдө айтылгандай, Е.Гуревич өзүнө карата Италия бийлиги каржы кылмыштарын жасаган деген айып таккан соң, өзүнө жактоочу жалдаган. Жактоочу бул маселе боюнча тиешелүү органдар менен иш алып барат. Ал эми тергөө иштерине ушундай жол менен катышуу мыйзам бузууга жатат деген курулай калп. Билдирүүдө тескерисинче, Е.Гуревич тергөө иштерине активдүү катышып атканы белгиленет.

Е. Гуревич 10-мартта ушул айдан тарта Кыргызстанда кызматтарын таштаганын жарыялаган. Ага Италияда сот "Италия телеком" жана "Фаствеб" компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыптап, Гуревичти камоо тууралуу чечим чыгарганы маалым болгон. (AiJu)

XS
SM
MD
LG