Болор-болбос артыкчылык менен азырынча премьер-министр Нури ал-Маликинин шайлоо бирикмеси алдыда келатат. Мурдагы премьер Ияд Аллавинин "Иракия" коалициясы андан кырк миңдей гана добуш аз алды. Шийиттердин диний партияларын бириктирген Ирак улуттук алянсы үчүнчү орунда. Шайлоонун жыйынтыктарынан улам тараптар ортосунда акыйнек айтыштар күчөй баштады.