Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:03

“АУБ-Агро” дыйкандарды окутуу иштерин жүргүзө баштады


Анда айыл чарба продукцияларын акыркы технологиялардын негизинде арбын алуу ыкмаларынан тышкары дыйкандарга айыл чарба иштерине насыя алуунун жол-жоборлору да түшүндүрүлөт. Окутуу иштери түштүк облустарында, Чүй, Ысык-Көл дубандарында жүргүзүлүүдө. Айдын аягынан тартып Нарында башталат, деп маалымдайт Өнүктүрүү фонду.
“АУБ-Агро” ишканасы Азия универсалбанк жана Өнүктүрүү фонду тарабынан айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн насыя берүүчү компания болуп саналат. Ишкана жетекчиси Вячеслав Рожковдун маалыматы боюнча “АУБ-Агро” Өнүктүрүү фондунан 6% үстөк менен алган акчасын дыйкандарга 23% үстөк менен берет. Адистер мындай үстөк пайыз насыя менен тармакты өнүктүрүү мүмкүн эместигин айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG