Кечээ Биринчи Май райондук соту тарабынан тыюу салынганына карабай аталган гезиттердин бүгүнкү саны сатыкка чыгарылды. Басылма ээлери соттун чечимин бийликтин сөз эркиндигин кысуу аракети жана чындыкка чычалоосу деп эсептешүүдө.
18-мартта Биринчи май райондук соту “Ачык саясат” жана “Назар” басылмаларына оппозиционер Равшан Жээнбековдун Элдик курултайдын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун басканы үчүн гезиттерди чыгарууга тыюу салган эле. Буга чейин аталган басылмалардын редактору Бабырбек Жээнбеков Башкы прокуратурага чакырылып, Р. Жээнбековдун кайрылуусу боюнча түшүнүк кат жазганын “Азаттыкка” маалымдаган. Анын айтуусунда Башкы прокуратура аталган эки гезитке президент Курманбек Бакиевдин кадырына доо кетирген материалдарды жарыялады деп, 5 миллион сом айып коюп атат.
Р. Жээнбеков кайрылуусунда президент К. Бакиевди бийликти күч менен басып алган, Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси бар деп айыптап, анын бүгүнкү башкаруу системасына да кескин сынга алган.(ZKo)