Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

2010-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 11 кылмыш иши козголду


Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыштар башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиргендей, 2009-жылы үй-бүлөлүк чыр-чатак менен 7511 (2008-жылы - 7693) окуя катталса, анын эки миңден ашууну үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар болгон. Зомбулукка кабылгандардын 96,6 % аялдар. Үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча миңден ашуун адам административдик жазага тартылып, 58 кылмыш иши козголгон. Ал эми 2010-жылдын эки айында 453 окуя катталып, 11 кылмыш иши козголгон. ИИМ кызматкерлери үй-бүлөдөгү чыр-чатактын өсүүсү байкалбай эле турганын, мындай учурлар ата-эне, туугандардын жардамы менен эле чечилип келе жатканын белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG