Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

А.Жапаров: Оппозициянын экономикалык программасын көрө элекмин


Биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров мындай пикирин оппозиция өткөргөн Элдик курултай жана андагы бийликке коюлган талаптар туурасында билдирди. “Антип өктөм талап кылган болбойт. Ультиматум - бул уруш маалында гана болот. Мен азыркы бийлик атаандаштарынын экономикалык программасын көрбөй жатам. Аны президент К.Бакиев гана сунуш кылды. Ошол менен иштеп жатабыз”, -деди А.Жапаров. Ал ошондой эле азыркы оппозициядагылардын арасында өкмөт башчы болгон, өкмөт башчы бол десе макул боло турган кишилердин бар экенин белгилеп, бийлик бир мунасага, диалого келип маселени чечкенге даяр экенин айтты.

17-мартта оппозиция өткөргөн Элдик курултайда бийликке жети талап коюлган. Алар: тарифтерди калыбына келтирүү, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектрону” мамлекетке кайтаруу, И. Исаков жана башка саясий себептен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, президенттин бир туугандарын бийликтен алуу, Бакиевдердин финансылык кеңешчиси Гуревичтин ишин текшерүү үчүн оппозиция өкүлдөрү кирген комиссия түзүү, сөз эркиндигин, “Азаттыктын” өлкө боюнча уктурулуусун камсыздоо талаптары. (КЕ)

XS
SM
MD
LG