Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

“Ак шумкар” партиясынын өкүлдөрүн милиция кармап кетти


“Ак шумкар” партиясынын үч өкүлүн милиция кызматкерлери Ош базарында кармап кетти. Бул тууралуу партиядан “Азаттыкка” билдиришти. Алар Ош базарында 23-март, Ынтымак курултайы учурунда Улуттук филармония алдында боло турган партиянын жолугушуусуна чакыруу баракчаларын таратып жүрүшкөн. Милиция кызматкерлери алардын баракчаларын чогултуп алды. Партия өкүлү мындай чакыруу Элдик курултайда да таратылганын, бирок анда күч органдары эскертүү бербегинин айтты. Учурда “Ак шумкардын” жаш өкүлдөрү Ленин прокуратурасында түшүнүк кат жазышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG