Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Чек араларды башкаруу стратегиясы күздө бүтөт


Чек араларды башкарууда реформа жүргүзүү максатында өкмөттүн буйругу менен Улуттук координациялык борбор түзүлүп, анын өкүлдөрү Чек араларды башкаруу стратегиясынын үстүндө иштешкен. Аталган документ марттын соңунда жазылып бүтүп, өкмөткө жиберилмек. Бирок учурда куралдуу күчтөрдү реформалоо жүрүп жаткандыктан стратегияны жазуу бул жааттагы өзгөрүүлөрдөн кийин кайра жандана турган болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган долбоордун координатору, Европа комиссиясынын чек ара копсуздугу боюнча БОМКА программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Руслан Байыштегин билдирди. Анын айтымында, учурда стратегия токсон пайызга жазылып бүтүп калды жана болжол менен күз айларында өкмөткө жөнөтүлөт.

Чек араларды комплекстүү башкаруу стратегиясы коопсуздукту жакшыртуу, чек араларды башкарууда реформа жүргүзүү маселелерин камтыйт. Анда алдыдагы 10-15 жылда тиешелүү органдардын аткаруучу иштери камтылат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG