Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Укук коргоочулар кеңеши билдирүү таратты


Укук коргоочулар кеңеши өлкөдө саясий жана коомдук ишмерлер менен журналисттерге карата кысым күчөп, аларды ур-токмокко алуу көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдирген. Бүгүн таратылган билдирүүдө мындай көрүнүштөр ушул жылдын 11-мартынан тарта кескин көбөйгөнү айтылат. Билдирүүдө “60 тыйынга каршы” акциясына, 17-мартка белгиленген жөө жүрүшкө тыюу салынуусу, “Форум” гезитинин нускаларынын тартып алынышы, укук коргоочу Тимур Шайхутдинов жана СДПК партиясынын өкүлү Ринат Самудиновдун сабалышы, оппозиция өткөргөн курултайга чакыруу таратып жүргөн жарандардын сабалышы өңдүү бир топ окуялар мисалга келтирилет. Билдирүүгө укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Динара Ошуракунова, Дмитрий Кабак, Нурбек Токтакунов, Сардар Багышбеков кол коюшкан. (AiJu)

XS
SM
MD
LG