Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Бишкек мэриясы укук коргоочу Ө.Токтонасыровду сотко берди


Бишкек мэриясы "Азаттыкты" коргоо боюнча кыймылдын жетекчиси Ө.Токтонасыровдун кезектеги акция өткөрүүсүнө тыюу салуу боюнча доо арыз менен Сокулук райондук сотуна кайрылган. Бул катка мэрдин орун басары Мурат Исмаилов кол койгон. Сокулук райсоту Ө.Токтонасыровду 23-мартка саат10го чакырды. Укук коргоочу "Азаттыктын" чыкпай калышы боюнча нааразылык пикетти 25-мартка уюштурууну болжоп жаткан болчу.

10-марттан тарта “Азаттыктын” теледолбоорлорун көрсөтүүдөн “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы баш тартты. 11-мартта Бишкекте "ОК" радиосу шаардыктарга “Азаттыкты” уктурууну токтотту. 12-мартта Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан кысым болуп жатканын билдирген “Алмаз-Нарын” үналгысы “Азаттыктын” программаларын обосунан кетирбөөгө аргасыз болду. Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” радиолору дагы “Азаттыкты” уктуруу боюнча түзгөн келишимдерин бир жактуу бузууга аргасыз болушкан. “Азаттыкка” кысым Алайдагы, Нарындагы саясий нааразылыктар күч алгандан кийин жана "MGN Group"тун мурдагы жетекчиси Е.Гуревичке Италия соту издөө салгандан кийин күчөдү.

Президент Катчылыгынын жетекчисинин орун басары Максим Каганер бийлик тарабынан “Азаттыкты” уктурбоо боюнча көрсөтмө болбогонун, бул маселени дыкат иликтеп чыгышарын айткан. (AiJu)

XS
SM
MD
LG